Ким Чен Ын биринчи жолу чет элдик сапарга чыгып Кытайга келди

Ким Чен Ын тактыга отурган 2011-жылдан бери биринчи ирет өлкө аймагынан сыртка чыкты
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Түндүк Корея башчысы Ким Чен Ын күтүүсүз Пекинге келгенин Bloomberg Кытайдын жетекчилигиндеги үч булакка таянуу менен билдирди.

ЖМК: Ким Чен Ын АКШ менен тынчтык келишимине кол коюуга дилгир
Маалыматка ылайык, атайын поезд менен сапарга чыккан Ким Чен Ын Пекинге Кытайдын түндүк-чыгышындагы Даньдун шаары аркылуу келген. Өз учурунда дал ушул жол менен анын атасы Ким Чен Ир да келип жүргөнү айтылат.

Түндүк Корея лидеринин сапары АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуу ниетинен кийин жасалган. Ким Чен Ындын ким менен жолугуп, эмне маселени талкуулай турганы азырынча белгисиз.

Ошол эле маалда Пекиндин борбордук Чананьцзе көчөсүндө коопсуздук чаралары күчөтүлүп жатканы айтылат.