Кара-Кулжада жер көчкү жылып, 20 миңдей киши суусуз калды

Көчкү электр зымдарынын үч түркүгүнө жана ички жолго коркунуч жаратып жатканы белгилүү болду
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Оштун Кара-Кулжа районундагы Биринчи Май айылында көлөмү 25-30 метр кубга жеткен эски жер көчкү жылып, 18 491 кишини суу менен камсыздаган түтүктөрдү жараксыз абалга кабылтты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

1 / 3
Оштун Кара-Кулжа районундагы Биринчи Май айылында көлөмү 25-30 метр кубга жеткен эски жер көчкү жылып, 18 491 кишини суу менен камсыздаган түтүктөрдү жараксыз абалга кабылтты
2 / 3
Көчкү кечээ, 26-март күнү, болжол менен саат 11.30да жылган
3 / 3
Ушу тапта "Кара-Кужла Таза суу" муниципалдык ишканасы тарабынан жашоочуларды суу менен камсыздоо чаралары көрүлүүдө.

Маалыматка ылайык, көчкү кечээ, 26-март күнү, болжол менен саат 11.30да жылган.

"Ушу тапта "Кара-Кужла Таза суу" муниципалдык ишканасы тарабынан жашоочуларды суу менен камсыздоо чаралары көрүлүүдө. Жарандык коргонуу кызматы абалдан кабардар", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, көчкү электр зымдарынын үч түркүгүнө жана ички жолго коркунуч жаратып жатканы белгилүү болду. Ал эми айылдан 500 метр алыс болгондуктан адам өмүрүнө кооптуулук жок.