ЖАЛАЛ-АБАД, 27-мар. — Sputnik. Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында эки окуучу кызды жол четинен "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү унаа коюп кетти. Кыздардын бири ооруканага бараткан жолдо үзүлгөн. Бул тууралуу облустук Жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, окуя 26-март күнү саат 17.00дөр чамасында болгон.
"Бай-Мундуз айылынын 22 жаштагы тургуну "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, рулду башкара албай калган. Натыйжада жол жээгинде кетип бараткан эки окуучу кызды коюп, сүрүлүп барып даракты сүзүп токтогон. Айдоочу күбөлөрдүн жардамы менен кыздарды башка унаага салып, райондук ооруканага алып жөнөгөн. Бирок 13 жаштагы кыз алган жараатынан улам жолдон жан берген. Ал эми 14 жаштагы экинчи жабырлануучу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды", — деди Сатыбалдиев.
"Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу барган. Аталган фактынын негизинде тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми айдоочу райондук соттун чечими менен 48 саатка камакка алынды", — деп белгиледи Сатыбалдиев.
Ал ошондой эле жыл башынан бери жол кырсыгынан эки өспүрүм көз жумганын кошумчалады.