Дөңгөлөк өрттөөгө мыйзам чегинде тыюу салып, айып пул киргизиш керек. Мындай пикирин Чыңгыз Бийназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, жараксыз дөнгөлөктөрдү өрттөбөй кайра иштеткендерге тапшырса болот.
"Биз жарабаган дөңгөлөктөрдөн спорттук, балдар аянтчаларына килемчелерди жасайбыз. Каалоочулар дөңгөлөк тапшырып, даяр товарга алмаштырып алса болот. Аны күйгүзүп салуу жаратылышка абдан зыян. Андан көрө жарандарыбыз бизге өткөрсө, экологияны да коргошоор эле", — деди Бийназаров.
Ал дөңгөлөктү отко жагып аткандарды көрсө чыдабай үйлөрүнө чейин кирип барып, өрттөбөөгө чакырарын кошумчалады.