Түркияда бузулган эскалатор эркек кишини кыпчып калды. Жүрөк үшүн алган видео

Жергиликтүү тургунду куткарууга бир сааттан ашык убакыт керектелген
Sputnik

Стамбулдун бузулган эскалаторуна киши кыпчылып калган видеону Hurriyet басылмасы таратты. Бактыга жараша, киши аман калган.

Сауд Аравиянын королу учактан түшүп жатканда трап-эскалатор токтоп калды. Видео
Окуя Маслак районундагы Аязага метросунда февралда болуп, бирок видео кечээ тараган.

Анда эскалатордун ички тетиктеринин бири иштебей калгандыктан, бузулуп ылдый түшө баштаганда кыймылсыз турган механизм капыстан иштеп кеткенин көрүүгө болот. Анын кесепетинен жергиликтүү тургун Мехмет Али Эрик механизмдин ичинде калган. Аны куткаруу иштери бир саатка чейин созулуп, алып чыгар замат ооруканага алып кетишкен.