Бишкектеги айрым маршруткалардын багыты өзгөрдү

Борбор калаадагы бир катар көчөлөр оңдолуп жаткандыктан тогуз маршрутканын жүрүү багыты өзгөрөт
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Шаарда көчөлөрдүн оңдолуп жаткандыгына байланыштуу айрым маршруткалардын багыты өзгөргөнүн Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы билдирди.

Москва көчөсүнүн Абдрахмановдөн Сүйүмбаевге чейинки бөлүгү оңдолуп жаткандыктан төмөнкү маршруткалардын каттамы өзгөрөт:

— №114 маршрутка Гоголь көчөсү аркылуу Токтогулга чейин барып, андан ары мурдагы багыты менен жүрөт;

— №214 маршрутка Чүй проспектиси, Гоголь, Токтогул жана Ибраимов аркылуу каттап, андан ары мурдагы багыты менен жүрөт;

— №131 маршрутка Чүй проспектиси, Ибраимов, Киев көчөсүнөн Абдрахмановго чыгып, андан ары мурдагы багыты менен каттайт;

— №213 маршрутка Абдрахманов, Бөкөнбаев, Ибраимовдон Чүй проспектисине чыгып, андан ары мурдагы багыты менен кетет.

Бишкекте "Автобус" рейди жүрүп жатат. Видео
Термечиков көчөсү Лев Толстойдон Гагарин көчөсүнө чейин жабылганына байланыштуу №270 маршрутка Кулиевден Гагаринге чейин барып, андан ары мурдагы каттамы менен жүрөт. №134 маршрутка Садырбаевден Гагаринге чейин чыгып, андан ары мурдагы багыты менен каттайт.

Айни көчөсүнүн Псков көчөсүнөн Токтоналиевге чейин жабылгандыктан №169 маршрутка Бакаев, Сухомлинов жана жолдун багыты боюнча Гагарин көчөсү менен жүрөт. №216 маршрутка болсо Псков, Ахунбаев көчөлөрү менен жүрүп, андан ары мурдагы каттамы менен каттайт. №262 маршрутка Гагарин менен Айтматов проспектисине чыгып, андан ары мурдагы багыты боюнча кетет.