Бишкекте көп кабаттуу үй салууда коррупциялык схеманын бети ачылды

Прокуратуранын версиясы боюнча өрт коопсуздук эрежелерин сактабай курулуп жаткан көп кабаттуу үйгө оң чечим чыгарып берилген
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандын аскер прокуратурасы ӨКМдин өрткө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине карата Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйгө мыйзамсыз түрдө документ бергени үчүн алты кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

"Өрткө каршы күрөшүү кызматында иштегендер Бишкекбашкыархитектурасы менен чогуу өрт коопсуздук эрежелерине такыр жооп бербеген курулуштарга өрт-техникалык корутундуну мыйзамсыз берип келгени боюнча жолго коюлуп калган коррупциялык схема аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин борбордук бөлүгүнүн деталдуу планы
Прокуратура "Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндөгү" мыйзамдын талабына ылайык, көп кабаттуу үйдүн курулушунда өрт чыккан учурда аны өчүрүү жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн өрт өчүрүүчү жана башка атайын техникалардын кириши үчүн атайын подъезддер каралышы керектигин белгиледи.

2016чы жана 2017-жылдары өрткө каршы күрөшүү кызматында иштегендер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып өрт коопсуздугу нормаларына туура келбеген учурда дагы куруучуларга оң корутунду чыгарып берип турган.

Шектүү жарандарга карата Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-берене (Кызматтык жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура текшерүү улантыла турганын маалымдады.