Жиу-житсу чебери Муртазалиев эл аралык турнирде алтын медаль тагынды

Жиу-житсунун бразилиялык версиясы (IBJJF) боюнча турнир 24-мартта Чикаго шаарында өткөн
Sputnik

БИШКЕК, 26 мар — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Абдурахманажы Муртазалиев жиу-житсу боюнча эл аралык Chicago spring Open мелдешинде алтын байгеге ээ болду. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу тастыктады.

Соревнование по джиу-джитсу Chicago spring Open в США

Жиу-житсунун бразилиялык версиясы (IBJJF) боюнча турнир 24-мартта Чикаго шаарында өткөн.

Анда Абдурахманажы сыя көк кур арасындагы кармашта эки спортчуну упай менен утуп, финалда дагы бир атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.

Ошондой эле өлкө атынан кара кур арасындагы кармашта Аязбек Мустаков да катышып, коло байгеге ээ болгон.