Шейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Шейшемби күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндүн көзү ачылбайт! Бир жумага карата аба ырайы
Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Чүй өрөөнү менен Таласта 14…15, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарында 13…18 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаары менен Ош калаасында нөшөрлөп жамгыр жаап, күндүн табы 15…16 градуска чейин жетет.