Политехтеги мугалимдердин мушташын окуу жайдын жетекчилиги териштирүүдө

Кафедра башчысы менен мугалимдин ортосундагы жаңжал 23-мартта болгон
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кызматкерлеринен түзүлгөн атайын комиссия кафедра башчысы менен анын кол алдындагы иштеген кызматкердин ортосундагы жаңжалды иликтейт. Бул тууралуу жогорку окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Кафедра башчысы менен мугалимдин ортосундагы жаңжал 23-мартта болгон. Жабыркаган мугалимдин мээси чайкалып, билеги чыгып кеткен. Жаңжал салган кафедра башчысы ошол эле күнү Биринчи Май РИИБине алып келинген. 

Политехтеги мугалимдер мушташканбы? Видео

"Бүгүн, 26-мартта, атайын комиссия түзүлүп, окуянын чоо-жайын иликтей турган болду. Комиссия үч күндүн ичинде жыйынтык чыгарышы керек. Анын жыйынтыгы менен жаңжалга катышкандарга карата чара көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Кафедра башчысы менен жабыркады делген мугалим экөө тең дарыланып жатканы белгилүү болду.

Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз.