Илимпоздор шишкебектин кооптуулугу туурасында айтып беришти

Гарварддын окумуштуулары 12 жаштан 16 жашка чейинки 100 миң кишини байкоого алып, изилдешкен
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Гарвард университетинин окумуштуулары отко какталып бышырылган эт гипертонияны күчөтүп жибериши мүмкүндүгүн айтышты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Жүрөк оорулары боюнча америкалык ассоциациянын Жаңы Орлеандагы жыйынында аталган изилдөө тууралуу Гарварддын мектептеги таза тамактануу бөлүмүнүн илимий кызматкери Ганг Лиу айтып берген.

Окумуштуулар жемиш ширеси өмүргө кандай кооптуулук жаратарын айтышты
Ал кесиптештери менен биргеликте 12 жаштан 16 жашка чейинки 100 миң кишини байкоого алып, изилдешкен. Алгач алардын биринде да жогорулаган кан басымы, диабет, жүрөк кан тамыр оорулары жана рагы болгон эмес.

Окумуштуулар табы күчтүү отко какталып бышырылган этти айына 15тен көп жегендер менен жумасына төрт же андан аз жегендердин ден соолугун салыштырган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында биринчи топто кан басымы көтөрүлгөн кишилер 17 пайызга көп болгон. Соңунда көтөрүлүп кеткен кан басымдан 37 миң кишинин жабыркагандыгы аныкталган.

"Биздин изилдөөлөр этти башка ыкма менен бышырса, жогорудагыдай оорудан алысыраак болууга, гипертонияга кабылып калбоого мүмкүнчүлүк жараларын көрсөттү"", — деген Лиу.

Тамактануу боюнча адис Жудит Вайли-Росетт барбекюну жакшы көргөндөр эми этти башкача кылып бышырып жеши керектигин айтты.

Буга чейин окумуштуулар ачкалык адамдын узак жашоосуна кандай таасир берери айтышкан. https://sputnik.kg/world/20171029/1036051547/achkalyk-pajdaluu-ehkenin-okumushtuular-ajtyshty.html