УКМК өкмөт аппаратынын экс-жетекчиси Нурханбек Момуналиевди суракка алды

Момуналиев буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берген
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. КР өкмөт аппарытынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев 22-маратта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак бергенин мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Ага ылайык, Момуналиев Бишкек ТЭЦтин буу казандарын оңдоо боюнча "Электр станциялар" ААКтын жалган тендер өткөрүүсү жана 2017-2018-жылга карата жылуулук сезонуна даярдык көрүү үчүн бөлүнгөн ири суммадагы каражаттарды ыйгарып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында суракка чакырылган.

"ТЭЦтеги жумуштарды өткөзүүдө супподряддык келишим түзүлгөн компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Момуналиевдин жакын тууганы болуп эсептелет. Ошол себептен суракка чакырылды", — деди Сулайманов.

Эскерте кетсек, 26-январдын кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылып, көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук берүү төмөндөп кеткен. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келген.