Непалдай болуп калбаш үчүн массалык туризмге жол бербеш керек. Мындай пикирин Айша Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан массалык туризмге ылайыксыз.
"Бизде ыңгайлуулугуна карап жайлоолордо контейнерлерди коюп жатышат. Биринчи кезекте өзүбүз табиятыбызды коргоого алсак. Келечекте Непалдагыдай таштанды тоолордун пайда болуусун каалабасак, азыртан анын камын көргөнүбүз жакшы", — деди Мамбеталиева.
Ал ошондой эле Түркия, Египет мамлекеттериндегидей массалык туризмге кызыкпай, Кыргызстан жеке туристтерди кабыл алууну өнүктүрүшү керектигин кошумчалады.