БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Акыркы сегиз жылдын аралыгында Кытайдын 214 жараны кыргыз жарандыгына ээ болгон, анын 129у — этникалык кыргыз. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.
Ведомствонун билдирүүсүндө миңдеген кытайлык кыргыз жарандыгын алды деген ЖМКларга чыккан маалымат чындыкка коошпойт.
2010-жылы КР жарандыгын 21 кытайлык алган. Анын жетөө — этникалык кыргыз. 2011-жылы 26 киши КР жараны болсо, анын 11и этникалык кыргыз экени айтылат.
2012-жылы — 22 (11);
2013-жылы — 24 (14);
2014-жылы — 10 (2);
2015-жылы — 23 (16);
2016-жылы — 41 (37);
2017-жылы — 47 (31).
Буга чейин Кыргызстандын жарандары менен никеге турган 30 миңдей кытайлык тууралуу да маалыматты жокко чыгарууга туура келген. Акыркы 17 жылда кытайлык жарандар менен 135 нике катталган.