БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кемерово шаарындагы өрттөн каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында алдын ала маалымат боюнча кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, 25-март күнү кечинде аталган шаардагы "Зимняя вишня" деп аталган соода борборунда өрт чыгып, ушу тапта кырсыктан каза тапкандардын саны 48ге жетти. Мертингендердин тогузу балдар экени белгилүү болду, дагы 41 наристе дайынсыз болууда.
ТИМ маалымат Россия ӨКМинин Кемерово облусу боюнча башкармалыгы тарабынан берилгенин кошумчалады.
РФтин тергөө органдары каза тапкандардын аты-жөнүн тактоо иштерин жүргүзүп жатат.