"Кентавр" Бельгия менен Нидерландда прокатка чыкты

"Кентавр" тасмасы 2017-жылы Бельгияда өткөн эл аралык MOOOV кинофестивалына катышып, мыкты фильм катары КАНВАС байгесин алган
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 20-24-март күндөрү режиссер Актан Арым Кубат "Кентавр" тасмасын Бельгия менен Нидерланддагы көрөрмандарга сунуштады. Бул тууралуу фильмдин сопродюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Анын айтымында, ар бир көрсөтүүдөн кийин режиссер эл менен суроо-жооп иретинде баарлашкан.

"Кентавр" тасмасынын бир премьерасы Амстердамдын эң байыркы жана эң ири EYE музейинде өттү. Бул музейдин коллекциясында 37 миң тасма, 60 миң афиша, 70 миң сүрөт жана 20 миң китеп бар", — деди Койчуманова.

Эскерте кетсек, "Кентавр" тасмасы 2017-жылы Бельгияда өткөн эл аралык MOOOV кинофестивалына катышып, мыкты фильм катары КАНВАС байгесин алган. Бул тасмага Бенилюкс өлкөлөрүндө прокатка чыгууга жол ачкан.

"Кентавр" — өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма.