Кемероводогу соода борборундагы өрттөн каза тапкандардын саны 37ге жетти

Набыт кеткендердин тогузу балдар экени айтылды
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Россиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборундагы чыккан өрттөн каза болгондордун саны 37 кишиге жетти. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Владлен Аксеновго таянуу менен жазып чыкты.

Торговый центр горит в Кемерово. Кадры с места ЧП

Эскерте кетсек, каргашалуу кырсык 25-март күнү болгон. Набыт кеткендердин тогузу балдар экени айтылды.

Аксеновдун айтымында, көз жумгандардан тышкары 45 адам жабыркаган. Ошондой эле туугандарынын арызынын негизинде дагы 64 адам дайынсыз болууда.

"Асанбайдагы" кафелер менен фитнес зал эмнеден улам күйүп кеткени айтылды
Ушу тапта өрт өчүрүү иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча өрт өчүрүү иштерин газдын тарашы жана айрым жердеги температуранын өтө жогору болушу татаалдаштырып жатат.

Өрттөн жабыркагандар үчүн кан тапшырылууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жабыркагандардын арасында КР жарандарынын бар-жогун тактап жатат.