Маалыматтын уурдалышынан улам миңдеген колдонуучу Facebook баракчасын өчүрүүдө

Акцияга атактуулар дагы катышып жатат
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Facebook баракчаңды өчүр" акциясы ылдамдык менен кеңири жайылып жатканын CNN телеканалы билдирди.

Цукерберг Facebook лентасынын өзгөрүшүнөн улам 3 млрд. доллар жоготту
50 миллион кишинин маалыматынын уурдалышы боюнча жаңжалдан кийин Facebook компаниясынын акциясы бир нече миллиард долларга түшүп кетти. Маалыматтардын жоголушуна нааразы болгон колдонуучулар баракчаларын өчүрүүгө чакырык таштоодо. Эч нерседен кабары жок колдонуучулар "Сиздин санарип жашоо" ("Ваша цивровая жизнь") викторинасын ойноп, Cambridge Analytica компаниясына бардык маалыматтарды өздөрү беришкен. Чогултулган маалыматтар Дональд Трамптын шайлоо алдындагы кампаниясын колдоо үчүн колдонулушу ыктымалдыгы айтылууда.

Каршылык акциясын бир катар атактуу кишилер колдоп катышып жатат. Белгилүү ишкер, Tesla жана SpaceX компанияларынын ээси Илон Макс ишканаларынын социалдык тармактагы баракчаларын өчүргөн.

Facebook компаниясы буга чейин 50 миллион колдонуучунун маалыматын бөтөн компаниянын уурдап алышын изилдей турганын айткан. Маалым болгондой компаниянын купуялуулук саясатын аттап өтүп, кызматкерлер өздөрү маалыматтарды берип турушкан.