Бишкекте "Автобус" рейди жүрүп жатат. Видео

Бишкек ШИИБдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн инспекторлору борбор калаадагы коомдук транспорт менен айдоочулардын ишин текшерип жатат
Sputnik

Маршрутка айдагандарга кандай эреже бузганы үчүн айып салынат? Рейддин видеосу
Бишкекте "Автобус" рейди жүргүзүлүп жатат. Техникалык көзөмөл бөлүмүнүн инспекторлору күн сайын автобус менен айдоочуларды рейс алдында текшерүүгө алууда. Ошондой эле коомдук транспорттордун линиясы күн бою көзөмөлгө алынып, жол эрежесин бузгандар аныкталып жатат.

ЖКККББнын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн ага инспектору Турусбек Абдыжапаровдун айтымында, өтө олуттуу эреже бузуулар болгон жок. Көбүнчө салондун таза эместиги жана фаралар иштебеген көрүнүштөр аныкталууда.

"Бир сааттын ичинде 60 автобус текшерилип, алардын 10ну техникалык нормаларга жооп бербегендиктен линияга чыгарылган жок. Негизинен майда эреже бузуулар аныкталды — биринде аптечка жок болсо, экинчисинин фаралары иштебейт, дагы биринин салону таза эмес", — деди Абдыжапаров.

Онго жакын автобус мүчүлүштүктөрүн жойгондон кийин кайрадан линияга чыгат. Ал эми айдоочуларга карата протоколдор түзүлүп, айып салынды.

Абдыжапаров билдиргендей, жол кырсыктарын алдын алуу максатында мындай рейддер маал-маалы менен жүргүзүлүп турмакчы.