Cары-Челек экотуризмге багытталган. Мындай пикирин Жоошбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.
Анын айтымында, башкы максат — коруктун табигыйлуулугун сактап калуу менен саякатчыларга туристтик өндүрүмдү сунуштоо.
"Миң уккандан бир көргөн" деген үч күндүк тур бар. Мында СССР убагындагы Сары-Челек туристтик базасынын маршруту менен жүрөбүз. Мындан сырткары, Сары-Челек — Токтогул, Сары-Челек — Талас, Өзбекстан, Кытайга чейин алып чыгып келе алабыз. 10-15 күн же туристтин өзүнүн каалоосуна жараша болот", — деди Жоошбаев.
Ал бул саякаттар ат үстүндө гана өтөрүн, ошондой эле туристтер алдын ала жол картасы тууралуу маалымдаларын кошумчалады.