Тикесинен тура калып каршысындагы балбанды чапчыган ат. Окуянын чоо-жайы

Жеңишке жеткен балбан бул окуяны кокустук деп баалады
Sputnik

ЖАЛАЛ-АБАД, 25-мар. — Sputnik. Эр эңиш мелдешинде аты каршылашын эки аяктап чапчып ыргыткан сузактык балбан Азамат Исраил уулу бул окуяны кокустук деп баалады. Мындай пикирин ал Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Тикесинен тура калып каршысындагы балбанды чапчыган ат. Окуянын чоо-жайы

Урмат Раушан уулу: көк бөрүдө "Ахиллес" менен тиреше алчу аргымак жок
Эске сала кетсек, 20-март күнү Сузак районундагы Телтору ат майданында эр эңиш боюнча таймаштын жарым финалы өткөн. Анда балбан Азамат Исраил уулунун минген аты эки аяктап тура калып, кармашкан кишини чапчып, жерге түшүргөн. Калыстар мындай учурду буга чейин көрбөгөндүгүн айтып, жеңишти тикесинен тура калган аттын ээсине ыйгарышкан.

Жеңүүчү деп табылган балбан Азамат Исраил уулу Сузак районунун Барпы айыл аймагында жашайт. Учурда 27 жашта. Ал бул жеңишинин арты менен Көчмөндөр оюнунда күч сынашуу үчүн жолдомого ээ болду.

Балбан Азамат Исраил уулу эр эңишке түшкөн каршылашынын аты күчтүү болгондуктан, ал өзүнүн эмес, тааныштарынын аты менен мелдешке чыккандыгын айтат.

"Мелдеште Өзгөндөн келген балбандар менен эңиштим. Жеңиш мага буюруптур, Көчмөндөр оюнуна барууга жолдомо алдым. Бул ирет минген атым мага жеңишке жетүүгө чоң мүмкүнчүлүк берди. Бул окуяга чейин эле 6:1 эсеби менен алдыда болчумун. Мен бул мелдештеги окуя кокусунан болду деп эсептейм. Ага чейин атым секирип качып атты эле. Бир заматта эле секирип, эки бутун көтөрүп, каршылашымды ээрден түшүрүп салды. Атаандашымдын аты чоң эле. Ал жерге түшкөндөн кийин бат эле туруп, басып кеткенине кубандым. Эч кандай жаракат алган жок", — деди Азамат Исраил уулу.

Бул жолку жеңишине маңдайы жарыла кубанган балбан орто мектепти аяктаган соң ат оюндарына кызыга баштаган. 22 жашында алгачкы жолу спорттун эр эңиш түрү боюнча мелдешке катышып, бүгүнкү күнгө чейин бир канча ирет жеңишке жетишкен.