Россиянын ири соода борборунда өрт чыгып, үч наристе менен бир аял көз жумду

Кырсыктан дагы он киши жабыркаганы айтылууда
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Россиянын Кемерово шаарындагы “Зимняя вишня” деп аталган ири соода борборундагы өрттөн үч бала жана бир аял көз жумганын РИА Новости кабарлады. 

Иске уулангандардын сөөгү балдар бөлмөсүнөн табылган.

Маалыматка ылайык, кырсыктан дагы он киши жабыркаган. Агенттиктин маектешинин айтымында, учурда өрт жалмаган аймактын көлөмү 1,5 миң чарчы метрге жетти.

ӨКМ өрттүн очогу бир нече кинозал жана балдар аянтчалары жайгашкан жогорку кабатта жайгашканын билдирди.

Өрттү өчүрүүгө 210 өрт өчүрүүчү жана 48 техника тартылган. Окуя болгон жерге абага тараган зыяндуу заттын канчалык экенин аныктоочу лаборатория жөнөтүлдү. Куткаруучулар жалындан 20 кишини алып чыгууга үлгүргөн, мындан тышкары, 100дөй адам эвакуацияланган.

Ушу тапта факты боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөчүлөр күбөлөрдү суракка алып, борбордун ээси менен ижарага алып иштеткен адамдарды тактап жатат.