Кыргызстанда эң кымбат жана эң арзан бензинди кайдан табууга болот

Баалар 2018-жылдын март айынын биринчи жарымына карата алынды
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстанда эң кымбат жана эң арзан бензин кайда сатылаарын Улуттук статистика комитети аныктап берди.

Ведомствонун маалыматына таянсак, Балыкчыда АИ-95 бензини баарынан арзан турат, аны бир литрин 42,4 сомго куюп аласыз. Кызыгы, андан кийин эле наркы төмөн көрсөткүч Нарында (42,5 сом) экен. Кара-Балта шаарында 42,8 сом экенин айтышты.

Мунайдын бул түрү эң кымбат сатылат делген аймак — Баткен, ал жерде 47 сомдон өйдө деп билдиришти. Ноокатта 46, ал эми Ошто андан 60 тыйынга арзаныраак экен.

Кыргызстандын шаарлары менен айылдарындагы А-92 үлгүдөгү бензиндин баасы

АИ-92 үлгүдөгү эң арзан бензинди Нарындан — 39,3 сомго, андан 40 тыйынга кымбатыраак Кара-Балтадан табууга болот. Караколдуктар мунайдын бул түрүн 39,8 сомго сатып ала алышат.

Эң кымбат АИ-92ни кайрадан Баткенден куясыз, литри 45 сом. Кара-Сууда 90 тыйынга арзан, ал эми Оштун жашоочулары 44 сомдон сатып алат экен.

Жылына он миңдеген акча үнөмдөлөт! Унааны газга өткөрүүнүн күңгөй-тескейи
Күйүүчү майдын арзаны кайрадан эле Нарында экен, бир литри 38,1 сом дешти. Андан кийинки орунда Токмок шаары туруп, тоолуу аймактан 40 тыйынга кымбатыраак сатып аласыз. Балыкчыда баасы 38,7 сом болуп чыкты. Кара-Сууда 60 тыйынга арзан болсо, Оштон 42,3 сом экен.

Бул маалыматты жазып жатып, Баткенде мунай заттарынын бардыгы кымбат экендигин билдик, күйүүчү майдын баасы боюнча да алдыга чыкты. Өрүкзарлуу аймакта анын наркы 44 сом дешти.

Баалар 2018-жылдын март айынын биринчи жарымына карата алынды.

Кыргызстанда сиз курактуу канча киши жашарын билүү мүмкүнчүлүгүңүз бар.