Радио

Эралиев: казак күрөшү менен машыккан кыздар аз

Казак күрөш федерациясынын башкы машыктыруучусу Мирлан Эралиев учурдагы эң чоң максаты III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ийгилик жаратуу экендигин айтты
Sputnik
Эралиев: казак күрөшү менен машыккан кыздар аз

Казак күрөшү менен машыккан кыздардын саны аз. Бул тууралуу Мирлан Эралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жогоруда аталган спорттун түрү азыркы кезде Азия чөлкөмүндө гана белгилүү.

"Казак күрөшү менен эркектер гана эмес, кыздар да машыгып келет. Бирок бул спорттун түрүнө кызыккан бийкечтердин саны азырынча аз", — деди машыктыруучу.

Эралиев келечекте казак күрөшү боюнча кыздар курама командасы түзүлөрүн кошумчалады.