Ирак: террорчулар буктурмага кабылган полициянын сегиз өкүлүн атып салды

Багдад менен Киркук шаарларын бириктирген автожолдо тартип сактоочулардын тобу буктурмага кабылган
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Иракта "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү буктурмага кабылган сегиз полиция кызматкерин атып салды. Бул туурасында РИА Новости Anadolu агенттигине шилтеме кылып жазды.

Майамиде жаңы курулган 950 тонналык көпүрө урап, адамдар каза болду
Багдад менен Киркук шаарларын бириктирген автожолдо тартип сактоочулардын тобу буктурмага кабылган. Маалыматта кармалгандар тартип сактоочуларды окуя болгон аймактагы жакын жерге алып барып, атып салышкандыгы жазылган.

Полиция террорчулардын изине түшүү үчүн кошумча күчтөрү менен "Хашд аш-Шааби" деп аталган шииттерден турган ыктырдуу топту жөнөткөн.

Өлкөнүн премьер-министри Хайдер аль-Абади 2017-жылдын декабрь айында "Ислам мамлекети" террордук уюму менен болгон согуш соңуна чыкты деп жарялаган. Бирок кийинчирээк алардын башын катып жаткан ячейкалары менен күрөштү улантуу зарылдыгын айткан.