Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде жамгыр карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, күрткүнүн пайда болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерден 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Чүй менен Таласта 15…20 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы 18…23 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 14…19, ал эми Нарында 12…17 градус жылуу болору айтылды.

Бишкекте 18…20 градус, Ош шаарында 21…23 градус нөлдөн жогору болору божомолдонду.