Жекшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет
Sputnik

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. 25-март күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт
Жекшемби күнү Чүй, Баткен, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы 23…28 градуска чейин жогорулайт.

Ысык-Көл менен Нарында 12…17 градус жылуу болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы 25…28 градуска жогорулайт.