Тыйын чычкан менен жыландын кармашы. Видео

Тукумун сактоого аракет кылган тыйын чычкан жыланды өз ийининен сууруп чыккан
Sputnik

АКШда табылган эки баштуу жылан көпчүлүктү таң калдырды
Интернетке жылан менен тыйын чычкан кармашкан видео тарады. Кызыктуу ролик менен ViralHog деп аталган YouTube-каналы бөлүшүп, кадр 2017-жылдын 18-сентябрында Американын Вирджиния-Бич шаарында тартылганын РИА Новости жазды.

Видеодо көрүнүп тургандай, тыйын чычкан коргонуш үчүн жылан менен кармашкан. Видеонун авторунун айтымында, жаныбар өзүнүн тукумун сактоого аракет кылып, жыланды өз ийининен сууруп чыккан.

Ал эми акыраны алдап өтүп, баласына кол салган амалкөй арстандын видеосун материалдан көрө аласыздар.