БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган президенттик аппараттын кызматкерлери Чыңгыз Айтматов атындагы Эмен багында ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, өлкө башчы менен кошо ишембиликке Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов дагы чыккан. Сүрөттө көрүнүп тургандай, өлкө жана калаа башчысы аталган эс алуу жайына бак-дарак отургузушкан.
Белгилей кетсек, бүгүн өкмөт башчы Сапар Исаков дагы Ботаникалык бактын аймагындагы ишембиликке катышты.