Кыргызстандагы "Жоогазын революциясы". 13 жыл мурдагы сүрөттөр

Sputnik

Элдик толкундоолор 2005-жылы 11-мартта Жалал-Абадда башталып, ал Кыргызстандын бардык аймактарына жайылган. 24-мартта оппозиция өкмөт үйүн басып алган. Ал эми кечинде Бишкекте мародерчулук башталган.

Жээнбеков: марттагы революция "туура жолдон тайбагыла" деп эскертип турат
Ошол учурдагы президент Аскар Акаев үй-бүлөсү менен Россияга чыгып кетип, ошондон бери ал жакта жашайт.

Жаңы мамлекет башчысы болуп Курманбек Бакиев шайланган. Ал да беш жылдан кийин 2010-жылы апрелде бийликтен кулатылган.

Бакиевдин учурунда 24-март — Элдик революция күнү деп майрам катары белгиленип келген. 2012-жылы бул дата майрам деп белгиленбей калган. Бирок 2016-жылы эскерүү күнү катары жарыяланган.

1 / 22
Митингге чыккан жүздөгөн киши Аскар Акаевдин күйүп жаткан сүрөтүнүн алдынан өтүп келе жатышат. 2005-жыл, 21-март, Ош
2 / 22
Ош облусунун администрациясы басып алган оппозициячылдар
3 / 22
Каршылык акциясына чыккандар. Жалал-Абад, 2005-жылдын 23-марты
4 / 22
Милиция революция болорго бир күн калганда Бишкекте митингге чыккан оппозиция өкүлдөрүн кармап жатат
5 / 22
Оппозициялык күч президент Аскар Акаевдин отставкасын талап кылууда
6 / 22
Митингге чыккан аял
7 / 22
"Ала-Тоо" аянтында чогулган эл. 2005-жылдын 24-марты
8 / 22
Митингдеги балакай
9 / 22
Курманбек Бакиев 2005-жылы марттагы митингдерди баштап жүргөндөрдүн бири болгон
10 / 22
Атайын даярдыктагы аскерлердин алдына чыккан аял
11 / 22
Борбордук аянтта бийлик өкүлдөрү менен элдин кагылышы
12 / 22
Жаалданган эл
13 / 22
Бул күнү аянттагы бир нече автоунаа күйгөн
14 / 22
Каршылык акциясына чыккандардын бири ошол убактагы өкмөт үйүнүн чатырына Кыргызстандын желегин орнотууда
15 / 22
Митингчилер "Ак үйдү" басып алгандан кийин
16 / 22
Зооттолгон унаанын үстүнө чыккан митингчилер
17 / 22
Митингде сүйлөп жаткан Алмазбек Атамбаев
18 / 22
Милиция жаракат алган кишиге жардам берүүдө
19 / 22
Биринчи президент Аскар Акаевдин китеби
20 / 22
Аскар Акаевдин бийлиги кулатылгандан кийин Бишкекте талап-тоноочулук болгон. Элдик кошуундун өкүлү мародерлорду кубалап жатат
21 / 22
Мародерлор өрттөп жиберген кытай соода борборунда калган эмеректи сыртка алып чыгып жаткандар. 2005-жылдын 25-марты
22 / 22
Революциянын эртеси муниципалдык кызматтын жумушчулары өкмөт үйүн тазалоого чыгышты.