БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Өлкөдө 26-27-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, Чүй менен Таластын тоого жакын аймактарында жааган катуу жамгыр карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар күрткүсү пайда болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетет.
"27-мартта абанын температурасы төмөндөйт. Чүй менен Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15 градус жылуу болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18 градус жылуу болушу күтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ысык-Көлдө 4…9 градус жылуу болсо, Нарында түнкүсүн —2…-7, күндүз 3…8 градус жылуу болот.
Мындай аба ырайы кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.