Астрономдор апрелде магниттик бороон болорун божомолдоодо

Магниттик толкун 11-19-апрель аралыгында болушу ыктымал
Sputnik

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Апрелдин орто ченинде магниттик бороон болуп, ал бир жумага дейре созулат. Бул тууралуу РИА Новости ФИАНдын күндүн рентген астрономиясы лабораториясына таянуу менен билдирди.

"11-апрелде жана 13-19-апрель аралыгында геомагниттик, ал эми 12-апрелде катуу магниттик бороон болушу күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Астрономдордун айтымында, мындай нерсе күн циклинин минимумунда күндүн магниттик талаасы алсырай түшкөндүктөн, күн плазмасынын кармалышы начарлап кетиши менен байланыштуу.

Натыйжада күндөн качкан заттардын ылдамдыгы менен калыңдыгы жогорулап күн бороонун пайда кылат.

Буга чейин март айында да магнит бороону болору айтылган.