Японияда сакура гүлдөдү

Көз жоосун алган көрүнүш Синдзюку-Гёэн паркында кездешип, анда миңдеген сакура бактары гүл ачат
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар — РИА Новости. Япониянын түштүк тарабында сакура гүл ачып, Japan Cherry Blossom фестивалы башталды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Сулайман тоонун боорундагы өрүк менен бадам гүлдөдү
Көптөрдүн кызыгуусун арттырып, суктандырган бул керемет көрүнүш өлкөнүн түндүгүндө, Осака тарапта 1-апрелге чейин созулат. Ал эми түндүк тарабында — Аомори, Хоккайдо, Тохоку аймактарында кечирээк башталып, апрелдин ортосуна чейин уланат.

Күн чыгыш өлкөсүнүн борбору Токионун өзүндө бул сулуулукту 6-апрелге чейин көрүүгө болот. Көз жоосун алган көрүнүш Синдзюку-Гёэн паркында кездешип, анда миңдеген сакура бактары гүл ачат.

Сакура — Япониядагы гүл. Ал учурдагы жашоонун жарыгын, кубанычын чагылдырат, адам өмүрүнүн ирмемдерин түбөлүктүүлүк менен салыштырып көз алдыга келтирген философиялык түшүнүктү камтыйт.

Сакурага кызыккандар Кыргызстанда да арбын. Былтыр Ысык-Көл облусунун "Тамга" санаторийинин аймагында "Сакура" багынын ачылышы болгон.