Ташкенттен алгачкы поезд Бишкекке келди. Сүрөттөр

Өзбекстандан келген 77 кишиден турган делегациянын курамында темир жолдо иштеген кызматкерлер жана ардагерлер бар
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ташкент — Балыкчы каттамы менен алгачкы поезд бүгүн кечки саат 19.00дө Бишкектеги темир жол станциясына келип токтоду. Аларды "Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаев башында турган курам тосуп алды.

1 / 5
Ташкент — Балыкчы каттамы менен алгачкы поезд бүгүн кечки саат 19.00дө Бишкектеги темир жол станциясына келип токтоду
2 / 5
Аларды "Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаев башында турган курам тосуп алды
3 / 5
77 кишиден турган топтун курамында темир жолдо иштеген кызматкерлер жана ардагерлер бар. Мындан сырткары, жүргүнчүлөр да келишти
4 / 5
Поезд Бишкектеги станцияда 40 мүнөткө токтоп андан ары Балыкчыга жөнөп кетти
5 / 5
Каттам Ташкенттен Балыкчыга жуманын бейшемби күндөрү жүрө баштайт.

Өзбекстандан келген делегацияны "Өзбек темир жолу" ишканасынын директорунун орун басары Равшан Икрамов жетектеп келди. 77 кишиден турган топтун курамында темир жолдо иштеген кызматкерлер жана ардагерлер бар. Мындан сырткары, жүргүнчүлөр да келишти.

"Мунун баары эл башчыларыбыз Шавкат Мирзиёев менен Сооронбай Жээнбековдун макулдашууларынын арты менен ишке ашууда. Жакшы маанайда тосуп алганыңыздарга чоң рахмат! Бүгүн келген поезд 300 орунга ылайыкташкан. Эгер адам көбөйсө 500 орунга жеткиребиз", — деди Икрамов.

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда автобустук төрт каттам ачылат
Поезд Бишкектеги станцияда 40 мүнөткө токтоп андан ары Балыкчыга жөнөп кетти.

Каттам Ташкенттен Балыкчыга жуманын бейшемби күндөрү жүрө баштайт. Жума күнү Бишкекке келип, андан ары Балыкчыга жөнөп кетет. Ал эми ишемби күнү Балыкчыдан Ташкентке багыт алат.

"Өзбек темир жолдорунун" жүргүнчүлөрдү ташыган поезди жумасына бир ирет каттайт. Анда жети купе вагон, үч плацкарт вагон жана бир ресторан вагон бар. Билет баасы плацкарт вагонго 2500 сом, купе вагонго 3378 сом, люкс вагонго 6432 сомду түзөт.