Лейлектин Арка айылында өрүк гүлдөдү

Баткендин башка аймактарына караганда Аркада өрүк гүлүн эрте ачып, эрте төгөт
Sputnik

БАТКЕН, 23-мар. — Sputnik. Баткен облусундагы Лейлек районунун Арка айылында өрүк гүлдөдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баткендин башка аймактарына караганда, бул айылда өрүк гүлүн эрте ачып, эрте төгөт.

1 / 2
Баткен облусундагы Лейлек районунун Арка айылында өрүк гүлдөдү.
2 / 2
Баткендин башка аймактарына караганда, бул айылда өрүк гүлүн эрте ачып, эрте төгөт.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Эгембердиевдин айтымында, аталган аймакта өрүктөр үч жума мурда бүчүр байлаган.

"Жаңы-Жер айыл өкмөтү Тажикстан менен чектешкен. Бул аймактын климаты жылуу болгондуктан өрүк эрте гүлдөйт. Мөмөсү да эрте бышат. Быйыл март айынын биринчи жумасында Арка айылында өрүктөр бүчүр байлаган", — деди Эгембердиев.

Буга чейин Ош шаарындагы Сулайман тоонун боорундагы бадам жана өрүк гүл ачкан.