Бишкекке келген 122 миң евролук жаңы троллейбустар. Видео

Бишкекке беш жаңы троллейбус алып келинди. Демилге Бишкектеги коомдук транспортторду жаңылоо долбоорунун алкагында ишке ашып жатат. 2018-жылдын жай айларында калаанын көчөлөрүндө 52 жаңы троллейбус пайда болот.
Sputnik

Бул транспорттун түрү Россиядагы "Тролза" компаниясында чыгарылган. Жалпысынан бул ишканадан 37 троллейбус алынат. Калган 15и Белоруссиядан келет.

Транспорттун жалпы суммасы 7 миллион еврону чапчыды. Каражатты Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы бөлгөн.