Кечинде сапарга чыкпаңыз. Бишкек — Ош жолу катары менен бир нече күнгө жабылат

Министрлик мындай чектөөгө аба ырайынын температурасынын жогорулап, көчкү түшүү коркунучунан улам киргизилип жаткандыгын билдирди
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош автоунаа жолу бүгүнтөн тарта 27-мартка чейин 21:00дөн саат 06:00гө чейин жабылат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Министрлик мындай чектөөгө аба ырайынын температурасынын жогорулап, көчкү түшүү коркунучунан улам киргизилип жаткандыгын билдирди.

"Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин унаалардын бардык түрлөрү үчүн жол каттамы жабылат", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ мындай жагдайдан улам жүргүнчүлөргө Бишкек — Ош унаа жолуна кечке маал чыкпоону эскертти.