Баткен шаарында Нооруз майрамында төрт өспүрүм жоголуп, табыла элек. Сүрөт

Милиция балдарды издөөдө жарандардан жардам сурайт
Sputnik

БАТКЕН, 23-мар. — Sputnik. Баткен шаарында Нооруз майрамында төрт өспүрүм жоголуп, табыла электигин облустук милициянын жаш өспүрүмдөр боюнча иштөө инспекциясынын ага инспектору Диларамхан Жолдошбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жоголгон балдардын экөө Баткен районунун Бужум айылынан, ал эми экөө Баткен шаарынан болот.

Алар 21-март күнү Баткен шаарындагы борбордук стадионго майрамдоого чыгышкан. Бирок үйлөрүнө кайрылып келбегендигинен 22-март күнү ата-энелери милицияга арыз менен кайрылган. 

“Балдар изделип жатат. Азырынча эч кандай маалымат же божомол жок”, — деди Жолдошбекова.

Жоголгон балдар:

1 / 4
Адилет Полотов 01.04.2006-жылы туулган. Баткен шаарынын тургуну
2 / 4
Азизбек Мамытов 24.09.2006-жылы туулган. Баткен шаарынын тургуну
3 / 4
Кубат уулу Бекболот 19.04.2004-жылы туулган. Баткен районунун Бужум айылынын тургуну
4 / 4
Илимбек Ташбаев 14.06.2007-жылы туулган. Бужум айылынын тургуну

1. Адилет Полотов 01.04.2006-жылы туулган. Баткен шаарынын тургуну 

2. Азизбек Мамытов 24.09.2006-жылы туулган. Баткен шаарынын тургуну

3.Кубат уулу Бекболот 19.04.2004-жылы туулган. Баткен районунун Бужум айылынын тургуну

4. Илимбек Ташбаев 14.06.2007-жылы туулган. Бужум айылынын тургуну

Милиция кандайдыр бир маалымат болсо тез аранын ичинде Баткен ОИИБнин төмөнкү телефон номерлерине билдирип коюуңуздарды суранат. (03622) 5-01-24, (03622)5-17-56, (03655) 50068,

0772150708, 077021-33-28.