Акжол Махмудов: белекке эки бөлмөлүү батир алам деп ойлогон эмесмин

Балбан Акжол Махмудов жакында эле Бишкекте өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон
Sputnik

БИШКЕК, 23 мар — Sputnik. Азия чемпиону Акжол Махмудовго борбордон эки бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү тастыктады.

Бүгүн Махмудовду Ош жергеси салтанаттуу тосуп алган. Жолугушуунун жүрүшүндө балбанга курулуш компаниялардын биринен батирдин ачкычы тапшырылган

"Мен батирге ээ болом деп күткөн эмесмин. Абдан чоң белек болду. Демилгени көтөргөн Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровго, колдоого алган курулуш компаниянын жетекчиси Акжол уулу Жоомартка ыраазычылык", — деди Махмудов.

Балбан Бишкекте үй-бүлөсү менен ижарага батир алып жашап келгенин кошумчалады.

Акжол Махмудов жакында эле Бишкекте өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон.