БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 23-мартта Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт.
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 6…12 градус жылуу болуп, күндүз 13…18 градуска чейин ысыйт.
Ысык-Көлдө түндө 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылып, күндүз 8…13 градуска чейин жылуу болот.
Нарында түндө 4 градус сууктан 1 градуска чейин жылуу болуп, күндүз аба ырайынын температурасы 7…12 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Ош шаарында да себелеп жаан жаайт, түндө 10…12, күндүз 16…18 градус жылуу болот.