Нооруздагы жашыл пил, акыра, аюулар жайгашкан жер аныкталды. Карта

Кечээ муниципалдык кызмат бир күнгө жаныбарлардын фигураларын Бишкектин борбордук бөлүгүнө коюп, шаардыктарды кубанычка бөлөгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Жаныбарлардын скульптуралары шаардын борборунан "Зеленстрой" ишканасынын базасына жеткрилгенин аталган мекеменин маалымат катчысы Мээрим Мусаева билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ Нооруз майрамына карата Жеңиш аянтына тогуз топиарий койгон. Кечинде фигуралар жүктөлүп кеткен.

"Скульптуралардын баары Ташкент көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан базада турат. Эртең даяр болот. Калоочулардын баары келип, көрүп, сүрөткө түшүп кетсе болот", — деди Мусаева.

Кийинчерээк фигуралар скверлер оңдолуп чыккандан кийин Кара-Жыгач токоюна, Жаштар жана Фучик атындагы парктарга коюлмакчы.