Сүйүнчү! Кыргызстандын футболчулары биринчи жолу Азия чемпионатында ойнойт

Бул жеңиш Кыргызстан курама командасын 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алууга шарт түздү
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянма менен беттеште жеңишке жетип, 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатында ойной турган болду.

Биринчиликтин тандоо туру Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өттү.

Кыргызстан — Мьянма футболчуларынын беттеши. Видео
Оюндун экинчи мүнөтүндө эле Ислам Шамшиев гол киргизди. Ал эми үч мүнөт өткөндөн кийин Антон Землянухин топту дарбазага киргизип, биринчи тайм 2:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктады.

Экинчи тайм башталганда Землянухин дагы бир гол киргизип, ата мекендик курама команда 3:0 эсебинде алдыга чыкты. Кийин мьянмалыктар бир топ киргизүүгө жетишсе, кыргызстандыктар жооп катары дагы эки гол салып 5:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Бул жеңиш Кыргызстан курама командасын 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алууга шарт түздү. Кыргызстан ал чемпионатка биринчи жолу катышмакчы.

Ата мекендик курама топ 27-мартта Индия менен ойнойт. Улуттук команда жеңилип калган учурда да жолдомо жокко чыгарылбайт.