"Газпромго" жумушка киргизем деп элден ири суммада акча алган киши кармалды

Ал тергөө амалдары аяктаганга чейин убактылуу кармоо жайына киргизилди
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кишилерди "Газпромго" жумушка орноштурам деп акча алган киши колго түшүрүлгөнүн ШИИБдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматка киребиз деп ири суммада акча бергендер ара жолдо калган.

Милицияга акыркы кайрылгандардын бири 3,1 миң доллар бергенин айткан.

"Аткаминердин" айдоочусу Бишкектин тургунун жарым миллион сомго алдап кеткен
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Милиция шектүү адамды кармап, эки жыл мурун да ушундай аракеттери үчүн алты жыл жатак колониясына кесилгенин аныктады. Тергөө амалдары аяктаганга чейин ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Милиция эгер жогорудагы адамдан жабыркагандар болсо Биринчи Май РИИБине кайрылып, ошондой эле (0701) 174-646, (0700) 633-885, (0556) 102-887 телефондору аркылуу байланышса болот.