Бишкектеги маршруткадан аялдар мушташты. Окуядан кийнки сүрөттөр

Окуя болгон жерге мобилдик батальондун кызматкерлери жана Тез жардам унаасы келген
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкектеги маршруткалардын биринде аялдар уруша кетип, аягы мушташ менен аяктады. Чатакташкан аялдар Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен түшүп калып, милицияга чалышкан.

Ал эми келген мобилдик батальондун кызматкерлери жерине Тез жардамды чакыртышкан.

1 / 2
Бишкектеги маршруткалардын биринде аялдар уруша кетип, аягы мушташ менен аяктады.
2 / 2
Чатакташкан аялдар Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен түшүп калып, милицияга чалышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, чатакташуудан эки аял жеңил жаракат алган.

Укук коргоо органдарынын кызмактерлери жабырлануучулардын арызын кабыл алды.