Радио

Ногойбаев: телефон тартпай калса да 112ге чалып жардам чакырса болот

ӨКМдин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун турмуш-тиричиликтин коопсуздугу кафедрасынын жетекчиси Чыңгыз Ногойбаев жарандар жардамды күтүп отура бербей өзүлөрү да аракет кылышы керектигин айтты.
Sputnik
Ногойбаев: телефон тартпай калса да 112ге чалып жардам чакырса болот

Антенна тартпай калган учурда да 112ге чалып, жардам чакырса болот. Бул тууралуу Чыңгыз Ногойбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандар сапарга чыгаардан мурун жол тууралуу маалымат алышы керек.

"Алыскы жолго чыкканда унаада сөзсүз аптечка жана башка керектелчү буюмдар, жылуу кийимдер болушу шарт. Эгерде кар көчкү сыяктуу өзгөчө кырдаал жаралса албетте жардам чакыруу керек. Телефондун антеннасы тартпай калган учурда да 112ге чалса болот. Бул чалуу антенна тартпай калган учурда да аткарыла берет", — деди Ногойбаев.

Ал жарандар жардамды күтүп отура бербей өзүлөрү да аракет кылышы керектигин кошумчалады.