Радио

Кайнарбек кызы: жаштардын улуттук кийимдерге болгон кызыгуусу күч

"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун ассистенти Асел Кайнарбек кызы ар бир эле кыргыз улуттук кийимдерди баалап келерин айтты
Sputnik
Кайнарбек кызы: жаштардын улуттук кийимдерге болгон кызыгуусу күч

Учурда жаштардын улуттук кийимдерге болгон кызыгуусу күчөп баратат. Бул тууралуу Асел Кайнарбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, элечек ороонун 13 түрү боюнча кызыккандар үчүн сабактар өтүлүп келет.

"Айылда жашаган кыргыз болобу, шаарда жашаган кыргыз болобу улуттук кийимдерди баары кызыгуу менен карашат. Биздин окууларыбызга да жалаң жаштар келүүдө. Бул нерсе бизди, албетте, кубандырат. Бара-бара улуттук баалуулуктарга жаштардын тартылуусу күчөп баратат", — деди Кайнарбек кызы.

Ал илгери кыргыздар элечектин агын кепин катары да колдонуп келишкенин кошумчалады.