Тойго сарптаган чыгымдын ордуна жаштарга үй алып берген көбүрөөк пайдалуу. Бул тууралуу Улан Примов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ашыкча ысырапкорчулукка баруу туура эмес.
"Биздин эл өлүм-житим менен той-топурга аябай көп акча кетирет экен. Экономикалык жактан эсептей турган болсок ал жерде миллиарддаган каражат жатат. Өзгөчө насыяга акча алып, той берүү мени өкүндүрөт. Бул маселени мыйзам менен эмес, түшүндүрүү иштери менен жойсо болот", — деди депутат.
Примов кеткен чыгымдарды туура пайдалануу менен коомго пайда келтирсе боло тургандыгын кошумчалады.