Сулайман тоонун боорундагы өрүк менен бадам гүлдөдү

Бадам менен өрүк былтыркыга салыштырмалуу кеч гүлдөп жатканы айтылды
Sputnik

ОШ, 21-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы Сулайман тоонун боорундагы бадам жана өрүк гүлдөй баштаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

1 / 4
Ош шаарындагы Сулайман тоонун боорундагы бадам жана өрүк гүлдөй баштаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди
2 / 4
"Сулайман тоо" улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин кызматкерлеринин айтымында, бадам, өрүк былтыркыга салыштырмалуу кеч гүлдөп жатат
3 / 4
"Өткөн жылы күн эрте жылып, февралдын аяктарында бадам, өрүк гүлүн ачкан болсо, бул жылы бир аз кечигип гүлдөдү", — дешти адистер.
4 / 4
Кызматкерлер белгилегендей, кыш мезгили аяктап, күн жылый баштагандан бери Сулайман тоого келген туристтердин саны өсүүдө.

"Сулайман тоо" улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин кызматкерлеринин айтымында, бадам, өрүк былтыркыга салыштырмалуу кеч гүлдөп жатат.