Ошто Нооруз майрамында ыкчам боз үй тигүү боюнча сынак өттү

Праздничный концерт в честь Нооруза на площади в Оше
Майрамдын урматына калаа тургундарына сүмөлөк таратылды
Sputnik

ОШ, 21-мар. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аятында "Нооруз — элдик нарктын, баалуулуктардын кайра жаралуусунун негизи!" аталышындагы театрлаштырылган майрамдык салтанат өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев баштаган жетекчилер, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Мэр кыргыз жергесинде ар дайым тынчтык, бейпилчилик болушун каалады.

Установка топиарий на площади Победы в Бишкеке
Жашыл пил, акыра жана аюу шаардыктарды кубанычка бөлөдү
Салтанат учурунда элге сүмөлөк таратылды. Мындан сырткары, улуттук каада-салтты чагылдырган, сахналаштырылган оюн-зоок программасы тартууланды.

Майрамдын урматына "Ыкчам боз үй тигүү" сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланды. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында "Байыркы Ош баалуулуктары" сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Кыргызстандын булуң-бурчунда Нооруз майрамы кандай белгиленип жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.