Кыргызда Умай эне гана аластайт. Мындай пикирин Шайгүл Алсеитова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
"Кыргыз эли байыркы эл болгондуктан, ар бир нерсеге философиялык жактан маани берген. Бала төрөлгөндө артындагы көк тактарды Умай эненин колу тийген жери дейбиз. Баланы бешикке бөлөөрдө "менин колум эмес, Умай эненин колу" деп айтылат. Ноорузда Умай эненин аластоосу да бекеринен эмес", — деди Алсеитова.
Ал ошондой эле Умай эне жакшылыктын жарчысы экенин кошумчалады.